Руслан Суйналиев финансы министри болуп дайындалды. Президент кол койду

19.03.2026 | 10:52

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Руслан Суйналиев финансы министри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн, 19-мартта, өкмөт башчы Адылбек Касымалиев жаңы жетекчини Финансы министрлигинин борбордук аппаратынын жамаатына тааныштырды.

Жолугушууда Адылбек Касымалиев экономикалык туруктуулукту камсыз кылууда жана мамлекеттик программаларды ишке ашырууда Финансы министрлигинин өзгөчө ролун белгилеп, мекеменин алдында жогорку кесипкөйлүктү жана ыкчам чечимдерди кабыл алууну талап кылган амбициялуу максаттар турганын билдирди. Ошондой эле министрликтин жамаатына жана жаңы министрге жемиштүү иш жана ийгиликтерди каалады.

51 жаштагы Руслан Суйналиев И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Токмок техникалык институтун аяктаган.

Эмгек жолун 1993-жылы «Кең-Булун» колхозунда таразачы болуп баштаган. 1996-жылы Ысык-Ата райондук жол-эксплуатациялоо башкармалыгында жумушчу жана бухгалтер болуп иштеген.

1996-жылдан тартып салык тутумунда иштей баштаган. 1996-жылдан 2003-жылга чейин Чүй-Токмок шаардык мамлекеттик салык инспекциясында инспектор, башкы инспектор жана бөлүм башчы кызматтарын аркалаган. 2003-жылдан 2011-жылга чейин Чүй жана Ысык-Ата райондорунун салык инспекцияларында жетекчинин орун басары болуп иштеген.

2011-2021-жылдары Чүй, Аламүдүн, Сокулук райондорунун жана Бишкек шаарынын Биринчи май, Октябрь, Свердлов райондорунун салык башкармалыктарында жетекчи жана жетекчинин орун басары кызматтарында эмгектенген.

2021-жылдын октябрь айынан 2022-жылдын сентябрына чейин Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары болгон. 2022-жылдын 30-сентябрынан тарта финансы министринин биринчи орун басары кызматын ээлеп келген.

Scroll to Top