Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Рыспай Абдыкадыровдун 80 жылдыгы белгиленгендигин кабарлады.
Маалыматка караганда, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, кыргыз элинин залкар обончу- композитору Рыспай Абдыкадыровдун туулган күнү, 12-январда 80 жылдыгы белгиленди.
Иш-чара А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык опера жана балет театрында өткөн.
Ага, чыгармачылыктын өкүлдөрү, Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков катышкан.
Иш-чара санитардык эпидемиологиялык шарттарды эске алуу менен өтүп, чакан форматта белгиленген.
[su_image_carousel source=»media: 54099,54100,54101,54102,54103,54104,54105″ crop=»none» autoplay=»4″]