Алмазбек Атамбаевдин унаасын аткылагандар өзүнүн «охраналары» болуп чыкты. Бул тууралуу өкмөт башчылыкка жаңы бекитилген Садыр Жапаров маалымат жыйын учурунда билдирди.
«Мен кечээ күнү көрдүм, Алмазбек Атамбаевдин машинесин аткылабадыбы. 2 бала аткылап жаткан. Ал өзүнүн «охраналары» болуп чыкты. Ал ошондой сценарий кылып жасап, биздин кишилерди жаман атты кылып көрсөтүш үчүн атайын жасалган иш-чара болчу. Ал өзүнүн жакындары болуп чыкты”, — деди ал.
9-октябрда Бишкектин Ала-Тоо аянтында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун тарапкерлери митинг өткөрүп жатканда Садыр Жапаровдун тарапкерлери делген адамдар тарабынан митинг үзгүлтүккө учуратылган.
Митинг башаламандыкка айланып, белгисиз адамдардын Атамбаевдин машинесин аткылап жатканы тууралуу видео тараган.