Садыр Жапаров Арменияга учуп кетти. Коштоп кеткендердин тизмеси

Садыр Жапаров Арменияга учуп кетти. Коштоп кеткендердин тизмеси

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-ноябрда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына катышуу үчүн Ереван шаарына (Армения) иш сапары менен учуп кетти. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Уюмга мүчө-мамлекеттердин башчылары ЖККУнун жоопкерчилик аймагындагы учурдагы кырдаалды жана эл аралык коопсуздуктун актуалдуу маселелерин талкуулашат.

Мындан тышкары ЖККУга мүчө-мамлекеттердин ортосундагы шериктештикти бекемдөөгө, ошондой эле Уюмдун ишмердүүлүгүн жөнгө салууга багытталган бир катар документтерге кол коюу пландалууда.

Кыргызстандын расмий делегациясынын курамы:

— тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

— Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов;

— коргоо министри Бактыбек Бекболотов;

— президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев.

Белгилей кетсек, Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясынын алкагында ЖККУ өлкөлөрүнүн лидерлери Армениянын Уюмга төрагалыгынын жыйынтыгын чыгарып, Беларустун төрагалык мезгилинде ишмердүүлүктүн артыкчылыктуу багыттары боюнча маалыматтарды угат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: президент

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>