Садыр Жапаров Батышты Ооганстандын тоңдурулган активдерин кайтарууга чакырды

Президент Садыр Жапаров 23-сентябрда Нью-Йоркто өткөн БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясынын жалпы дебаттарында Ооганстандын тоңдурулган активдерин кайтарууга чакырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Өлкө башчы өз сөзүндө Ооганстанды эл аралык изоляцияга алуу жана каржылык жардамсыз калтыруу туура эместигин белгилеген.
“Геосаясий-идеологиялык максаттарды көздөп, каржылык инструменттерди колдонуу аркылуу гуманитардык кризисти курчутууну адилетсиздик жана адамгерчиликсиздик деп эсептейбиз. Ошондуктан биз Батыш өлкөлөрү тарабынан тоңдурулган Ооганстандын активдерин, 9 млрд АКШ долларынан ашык акча каражатын мүмкүн болушунча тез арада мыйзамдуу ээсине – ооган элине кайтарылышы керек деп эсептейбиз”,- деп билдирген өлкө башчы.
Садыр Жапаровдун айтымында, бул каражаттар инфраструктураны калыбына келтирүүгө, жергиликтүү банк системасын колдоого, айыл чарбасын өнүктүрүүгө жана миллиондогон адамдарга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө жардам бермек.
“Силер бул каражаттарды ушул тапта өзүңөр колдонуп, пайда көрүп жатасыңар. Бул сиздер үчүн уят”, – деген ал.
Президент ошондой эле бүгүнкү күндө Ооганстанда 15 миллион адам ачкачылыкка дуушар болсо, 24 миллион адам гуманитардык жардамга муктаж болуп турганын эске салган.