Садыр Жапаров БУУнун Ассамблеясында Палестина боюнча иликтөө баштоону талап кылды
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 23-сентябрда Нью-Йорк шаарында өткөн БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясынын жалпы дебаттарында сөз сүйлөп, дүйнө коомчулугун Газадагы согушту жана кайгылуу окуяларды токтотууга чакырды.
“Газадагы согушту жана үрөй учурган окуяларды токтотуу үчүн дагы эмне кылуу керек? Биз Газа тилкесиндеги аёосуз кагылышуулардын айынан эбегейсиз жоготууларга учурап жаткан Палестина элине тилектеш болушубуз керек. Бүткүл дүйнөнүн көз алдында өтүп жаткан адам чыдагыс трагедияга кайдыгер карабашыбыз керек. Биз палестиналыктарга каршы геноциддин токтотулушун жана БУУнун Эл аралык соту тарабынан эл аралык соттук иликтөөнүн башталышын талап кылабыз! Менин өлкөм ар дайым зордук-зомбулуктун жана терроризмдин бардык көрүнүштөрүн кескин айыптайт, анын ичинде 2023-жылдын 7-октябрындагы Израильге террорчулардын кол салууларын да айыптайбыз. Андай террорчуларды катуу жазалоо керек. Терроризмге каршы күрөшүүнүн, террорчуларды жок кылуунун өз ыкмалары бар да. Андай террорчулардын кесепетинен миллиондогон жөнөкөй жарандар кырылбаш керек эле”,- деп билдирген Садыр Жапаров.
Тынчтыкты орнотуунун бирден-бир жолу – «Эки эл үчүн – эки мамлекет» принцибин ишке ашыруу экенин белгилеген. Анын айтымында, Палестина 1967-жылдагы чек аралардын негизинде көз карандысыздыкка ээ болушу керек.