Садыр Жапаров «Дордойдун» ээсин сынга алып, түштүктөгү базарларында реформа жарыялады

13.04.2026 | 11:29

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров Ош облусуна болгон иш сапарында өлкөдөгү ири базарлардын келечеги тууралуу билдирүү жасап, «Дордой» базарынын ээси убадаларын аткарбаганын сындады.

Араван районунун тургундары менен жолугушууда Садыр Жапаров буга чейин «Дордой», Ош жана Кара-Суу базарларын модернизациялоону тапшырганын айтты. Анын айтымында, соодагерлер ондогон жылдардан бери контейнерлерде иштеп келишет, бул алардын ден соолугуна жана эмгек шарттарына терс таасирин тийгизүүдө. Президент бул маселени «Дордой» базарынын ээси Аскар Салымбеков менен жеке талкуулаганын эске салды. Анда ишкерге эл аралык деңгээлдеги соода борборлорундай заманбап комплекстерди куруу сунушталган.

«Ал 30 жыл ичинде бул базардын аркасында миллиардер болду. Мен Дубай же Стамбулдагыдай заманбап соода борборлорун курууну сунуштадым. Ал макул болуп, 100 гектар жерди трансформациялоону суранган. Бирок ушул күнгө чейин эч нерсе курулган жок. Билбейм, карып баратабы же акчасын аяп жатабы. Жакында чакырып, сурайм», — деди Жапаров.

Ошондой эле президент жакынкы айларда Ош базары жаңы жерге көчүрүлөрүн билдирди. Андан кийин негизги көңүл Кара-Суу базарын модернизациялоого бурулуп, контейнерлерди толугу менен алмаштырып, заманбап соода комплекстерин куруу пландалууда.

Scroll to Top