Садыр Жапаров Европа парламентинин депутаттары менен адам укуктары жана сөз эркиндиги маселелерин талкуулады

18.02.2026 | 15:35

Бүгүн, 18-февралда, өлкө башчы Садыр Жапаров Европа парламентинин Борбордук Азия өлкөлөрү менен байланыш боюнча делегациясын кабыл алып, Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы кызматташтыкты талкуулады.

Италия, Германия, Франция, Чехия, Болгария жана Финляндиядан келген депутаттар кирген делегацияны төрайым Джузеппина Принчи жетектеп келди. Жолугушууда Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы парламенттер аралык байланыштар, адам укуктары жана сөз эркиндиги маселелери каралды.

Мамлекет башчысы Европа Биримдиги менен мамилелерди чыңдоо тышкы саясаттын багыттарынын бири экенин белгиледи. Ал Жогорку Кеңеш менен Европа парламентинин ортосундагы кызматташтык комитетинин ишин диалогдун механизми катары атады.

Европарламенттин депутаттары өлкөдөгү социалдык-экономикалык абал жана мамлекеттик башкаруу системасындагы өзгөрүүлөр боюнча пикирлерин билдиришти. Ошондой эле билим берүү тармагындагы байланыштарды, анын ичинде студенттерди алмашуу программаларын өнүктүрүү маселеси айтылды.

Scroll to Top