Садыр Жапаров иш сапары менен АКШга барды

06.11.2025 | 11:22

Өлкө башчы Садыр Жапаров 5-ноябрда Дональд Трамптын чакыруусу менен Америка Кошмо Штаттарына иш сапары менен учуп барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчынын учагы “Эндрюс” авиациялык базасына конуп, аны АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбордук Азия иштери боюнча жардамчысы Пол Капур тосуп алган.

Бул сапардын жүрүшүндө Садыр Жапаров “С5+1” форматындагы мамлекет башчыларынын кезектеги жыйынына катышат. Иш-чара “С5+1” диалог платформасынын 10 жылдык мааракесине карата уюштурулуп, ошондой эле Борбордук Азия өлкөлөрү менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алмашууга багытталган.

Ошондой эле Садыр Жапаров менен АКШнын президенти Дональд Трамптын эки тараптуу жолугушуусу пландаштырылууда.

Scroll to Top