Садыр Жапаров иш сапары менен Ашхабадга барды

11.12.2025 | 22:30

Бүгүн, 11-декабрда, өлкө башчы Садыр Жапаров Түркмөнстандын жетекчилигинин чакыруусу менен Ашхабад шаарына барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Өлкө башчыны Ашхабаддын эл аралык аэропортунан Түркмөнстандын Халк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов жана башка расмий адамдар салтанаттуу тосуп алышты.

Садыр Жапаров менен Гурбангулы Бердымухамедов жолугушууда мындан аркы кызматташуунун келечеги тууралуу пикир алмашып, эки жана көп тараптуу форматта активдүү өз ара аракеттенүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Бул сапардын алкагында Жапаров Тынчтыктын жана ишенимдин эл аралык жылына (2025-жыл), Бейтараптыктын эл аралык күнүнө жана Түркмөнстандын туруктуу бейтараптыгынын 30 жылдыгына арналган Эл аралык форумдун ишине катышат.

Scroll to Top