Садыр Жапаров Израиль-Палестин жаңжалы боюнча пикирин билдирди

Президент Садыр Жапаров Израиль менен Палестинаны согуштук аракеттерди тез арада токтотуп, сүйлөшүүнү баштоого чакырды. Бул тууралуу ал экономикалык кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын 16-саммитинде билдирди. Ташкентте өтүп жаткан жыйынга Азербайжан, Иран, Тажикстан, Түркмөнстан, Түркия, Өзбекстан мамлекеттеринин жетекчилери, ошондой эле Казакстан жана Пакистандын өкмөт башчылары катышууда. Садыр Жапаров сөз сүйлөп жатып, Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга кабатырлануусун белгиледи. … Читать далее Садыр Жапаров Израиль-Палестин жаңжалы боюнча пикирин билдирди