Садыр Жапаров Израиль-Палестин жаңжалы боюнча пикирин билдирди

Садыр Жапаров Израиль-Палестин жаңжалы боюнча пикирин билдирди

Президент Садыр Жапаров Израиль менен Палестинаны согуштук аракеттерди тез арада токтотуп, сүйлөшүүнү баштоого чакырды. Бул тууралуу ал экономикалык кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын 16-саммитинде билдирди. Ташкентте өтүп жаткан жыйынга Азербайжан, Иран, Тажикстан, Түркмөнстан, Түркия, Өзбекстан мамлекеттеринин жетекчилери, ошондой эле Казакстан жана Пакистандын өкмөт башчылары катышууда.

Садыр Жапаров сөз сүйлөп жатып, Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга кабатырлануусун белгиледи.

«Биз Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга жана Газа тилкесиндеги гуманитардык кризиске көңүлүбүз ооруп, зээнибиз кейип, байкап отурабыз. Биз тараптарды курмандыктарды жана жайкын тургундарга карата зордук-зомбулукту болтурбоо боюнча комплекстүү чараларды көрүүгө, согуштук аракеттерди тез арада токтотууга жана сүйлөшүү процессин күттүрбөстөн баштоого чакырабыз”, — деди өлкө башчысы.

Белгилей кетсек, Бишкекте эки жолу Израилдин чабуулуна жана блокадасына кабылган Газа секторун колдоп 2 митинги өттү. Ал жарандык активисттер тарабынан уюштурулду.

Ага чейин Жогорку Кеңеште Жакынкы Чыгыштагы жаңжалга карата Кыргызстандын көз-карашын билдирүү,  Газага гуманитардык жардам берүү маселесин көтөрүлгөн. Депутаттар бир күндүк маянасы Палестинага которуу токтомун кабыл алышкан.

Муфтият “Палестинага жихад” кайрылуусуна азгырылбоого чакырат

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>