Садыр Жапаров Караколдогу №2028 аскер бөлүгүндө болду

Садыр Жапаров Караколдогу №2028 аскер бөлүгүндө болду

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-июлда, Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Чек ара кызматынын Каракол шаарында жайгашкан «Байсары уулу Кыдыр аке» атындагы 2028-аскер бөлүгүнүн материалдык-техникалык базасы менен таанышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 1965-жылы түзүлгөн аскер бөлүктүн имараттары 30 жылдан бери оңдолбогондуктан жараксыз абалга келип, урай баштаган. Мамлекет башчысынын тапшырмасы менен объектте капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо иштери жүргүзүлүүдө.

Аскердик бөлүктүн базасында УКМКнын Чек ара кызматынын кенже командирлерин даярдоочу окуу борборун ачуу, ошондой эле «Бедел», «Каркыра-автожол» көзөмөл-өткөрүү пункттарынын жана Каракол эл аралык аэропортунун ачылышына байланыштуу аскер кызматкерлеринин жеке курамын кеңейтүү пландалууда.

Мамлекет башчысы оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышып, кызмат өтөө үчүн зарыл шарттарды камсыз кылуу жана аскер кызматкерлеринин күжүрмөн даярдыгын сактоо үчүн инфраструктураны жаңыртуу маанилүү экенин баса көрсөттү.

Садыр Жапаров аскер бөлүгүн реконструкциялоону жана заманбап техникалар менен жабдууну тездетүүнү тапшырып, аскер кызматкерлерин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн социалдык жактан камсыздоо, анын ичинде жашоо шарттарын жакшыртуу маанилүү экенин белгиледи.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>