Садыр Жапаров Казакстандын президентин улуттук референдумдун өткөрүлүшү менен куттуктады

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөшүп, өлкөнүн Конституциясынын жаңы долбоору боюнча референдумдун өткөрүлүшү менен куттуктады.
Садыр Жапаров добуш берүү жарандардын өз эркин билдирүүсү экенин жана мамлекеттик институттарга болгон ишенимди тастыктаганын белгиледи.
Ал эми Казакстандын президенти куттуктоо үчүн ыраазычылык билдирип, кыргыз-казак кызматташтыгын тереңдетүүнү жана өнөктөштүктү өнүктүрүүнү колдой турганын тастыктады.
Ошондой эле өлкө башчылар эки жактуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана мындан ары чыңдоо келечегин талкуулашты.
Эске салсак, 15-мартта, Казакстанда Конституциянын жаңы редакциясын кабыл алуу боюнча жалпы улуттук референдум болуп өттү. Алдын ала жыйынтыктар боюнча жарандардын 86%дан ашыгы реформаны колдоду.