Site icon Reporter.kg

Садыр Жапаров Казакстанга иш сапары менен барат

Президент Садыр Жапаров 17-сентябрда Казакстанга иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Сапардын алкагында Жапаров «Борбор Азия – Германия» саммитине катышат.

Андан тышкары ал Германиянын ишкерлери менен жолугат, канцлер Олаф Шольц менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Exit mobile version