Садыр Жапаров Казакстанга иш сапары менен барат

16.09.2024 | 16:10

Президент Садыр Жапаров 17-сентябрда Казакстанга иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Сапардын алкагында Жапаров “Борбор Азия – Германия” саммитине катышат.

Андан тышкары ал Германиянын ишкерлери менен жолугат, канцлер Олаф Шольц менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Scroll to Top