Бул тууралуу талапкер өзү Кара-Суу районундагы эл менен жолугушуу учурунда айткан.
“Теле дебат эмес, ушак дебат болуп кетти. Ал жерге барып 3 саат акыйнек айтышып ушак териштиргенче, эл менен жолукканым пайдалуу”, — деген Садыр Жапаров.
Ошондой эле 7-каналга берген маегинде да теледебаттардын экинчи туруна да катышпай тургандыгын тастыктап, дебаттарды аны каралоого айлантышарын билген үчүн ага убакыт коротпоону туура көргөндүгүн айткан.