Садыр Жапаров: Кыргызстан 2,5 жыл ичинде энергетикалык көз карандысыздыкка жетет

27.10.2025 | 14:59

Президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусундагы Каракөл ГЭСинин ачылышында сүйлөп жатып, Кыргызстан 2,5 жылдын ичинде электр энергиясы боюнча толук өзүн-өзү камсыздай турганын билдирди. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов маалымдады.

«Азыр ушул тапта кышкысын дагы деле импорт алып жатабыз. Кудай буюрса 2,5 жылда кышкы дефицитти жоёбуз. Ошондуктан кышкысын свет өчүп жатат деп нааразы болбой 30 жыл чыдаган жаныбыз 2,5 жыл чыдап коёлу», — деди өлкө башчы.

Садыр Жапаров учурда көптөгөн чакан жана орто ГЭСтер салынып ишке берилип жатканы менен завод-фабрикалар, ипотекалык үйлөр, мектеп, бала-бакчалар жана башка көптөгөн обьектилер салынып, алар да көп кубаттагы электр энергияны колдонгонуна байланыштуу электр энергиясынын дефицити болуп жатканын билдирди.

«Акыркы жылдары “жашыл энергетиканы” өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп жатканыбызды жакшы билесиздер. Бул багытта инвесторлор үчүн бардык шарттар: туруктуу саясат, ачык-айкын жана адилеттүү чөйрө, өз ара ишенимге негизделген мамиле жолго коюлган», — деди ал.

Президент белгилегендей, энергетика тармагы Кыргызстан үчүн стратегиялык жана келечектүү багыт болуп эсептелет, жана мамлекет жеке инвесторлор менен ишенимдүү өнөктөштүккө даяр.

Scroll to Top