Садыр Жапаров: Кыргызстан криптовалюталарды кабыл алуу боюнча Борбор Азияда ишенимдүү түрдө алдыда бара жатат

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-октябрда, Виртуалдык активдерди жана блокчейн технологияларын өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин экинчи жыйынында өлкөнүн санариптик өнүгүүсү жана крипто тармагындагы жетишкендиктер тууралуу сүйлөдү.
Мамлекет башчысынын айтымында, Кыргызстан криптовалюталарды кабыл алуу боюнча глобалдык индексте 19-орунда, ал эми Борбор Азияда алдыда бара жатат. Бул өлкөдө санариптик чечимдерди кабыл алуу деңгээлинин жогору экенин көрсөтөт.
“Кыргызстан виртуалдык активдер боюнча мыйзам кабыл алган жана бул багытта ырааттуу мамлекеттик саясат жүргүзүп жаткан саналуу өлкөлөрдүн бири. Виртуалдык активдер рыногу активдүү калыптанып, лицензияланган катышуучулардын саны өсүүдө”, — деди Жапаров.
Президенттин белгилешинче, азыркы учурда дүйнө өлкөлөрү санариптик валюталарды киргизүү, стейблкоиндерди жана токендерди түзүү аркылуу жаңы экономикалык моделге өтүп жатышат. Кыргызстан да бул процесстен артта калбашы керек.
Жапаров Улуттук кеңештин ишине дүйнөлүк деңгээлдеги адистер, анын ичинде Binance компаниясынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао катышып жатканын баса белгиледи.
Мамлекет башчысы санариптик жана финансылык сабаттуулукту жогорулатуу, кадрларды даярдоо жана маалыматтык коопсуздук стандарттарын киргизүү Кыргызстан үчүн артыкчылыктуу багыттар экенин белгиледи.
“Биз билимге инвестиция салып, жаңы шарттарда иштей ала турган кадрларды даярдоого тийишпиз. Инновациялар ачык-айкындуулук жана ишенимдүү инфраструктура чөйрөсүндө өнүгүшү маанилүү”, — деди ал.
Президенттин айтымында, өлкө экологиялык таза энергетикага жеткиликтүүлүк, таланттуу жаштар жана санариптик мамлекеттик кызматтар аркылуу аймактык блокчейн жана Web3 хабына айлануу мүмкүнчүлүгүнө ээ.