Садыр Жапаров: Кыргызстан татаал маселелерди чечүүдөгү тажрыйбасын дүйнө коомчулугу менен бөлүшүүгө даяр

24.09.2025 | 16:47

Өлкө башчы Садыр Жапаров 23-сентябрда Нью-Йорк шаарында өткөн БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясынын жалпы дебаттарында Кыргызстан татаал маселелерди чечүүдөгү тажрыйбасын дүйнөлүк коомчулук менен бөлүшүүгө даяр экенин билдирди.

Садыр Жапаров өз сөзүндө Кыргызстан татаал тарыхый-географиялык шарттарга карабастан коңшу мамлекеттер менен, атап айтканда, Тажикстан жана Өзбекстан менен чек ара маселелерин тынчтык жолу менен чечкенин билдирген. Анын айтымында, бул процесс жогорку деңгээлде, эксперттик деңгээлде узакка созулган сүйлөшүүлөр менен коштолуп, бардык тараптардын кызыкчылыгын эске алуу менен чечилген.

“Бүгүнкү күндө Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын чек аралары достуктун, сооданын жана кызматташтыктын чек арасы экенин ишенимдүү түрдө айта алам. Бул тажрыйба саясий эрк, урмат-сый жана диалог бар жерде тынчтык болушу мүмкүн экендигин ырастап турат, бул бизге бардык карама-каршылыктарды чечүүгө жана өнүгүү жолуна түшүүгө мүмкүндүк берди. Кыргызстан татаал маселелерди чечүүдөгү тажрыйбасын дүйнөлүк коомчулук менен бөлүшүүгө даяр”,- деп билдирген Садыр Жапаров.

Ошондой эле өлкө башчы дүйнө жүзү боюнча курал-жарактарга колдонулуп жаткан 3 триллион доллардан ашык акча-каражаттарды элдин турмушун жакшыртууга, ачарчылыкты жоюуга, экологиябызды жакшыртып, абаны тазартууга колдонууну сунуштаган.

Scroll to Top