Садыр Жапаров Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолукту

31-августта Кытайдын Тяньцзинь шаарында өлкө башчы Садыр Жапаров менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, эки өлкөнүн лидерлери ШКУнун алкагындагы өз ара аракеттенүү келечеги, логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү жана чек арадагы өткөрүү пункттарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу маселелерин талкуулашкан. Ошондой эле финансылык, маданий-гуманитардык, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты мындан ары чыңдоо боюнча пикир алмашышкан.
Садыр Жапаров кытай тарапты Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан бир катар ири инвестициялык долбоорлор менен тааныштырган. Ал эми Си Цзиньпин кытай компанияларын бул долбоорлорду, анын ичинде “Тамчы” атайын каржы-инвестициялык аймагын жана “Ала-Тоо Резорт” туристтик комплексин түзүү долбоорлорун ишке ашырууга чакырууга даяр экендигин билдирген.
Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө Кытай лидери Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, өлкөгө гүлдөп-өсүү жана бакубатчылык каалаган.
Садыр Жапаров өз кезегинде Си Цзиньпинге жана Кытай өкмөтүнө Кыргызстандын эгемендүүлүк алгандан берки күндөрдөн тарта өлкөгө тынымсыз көңүл буруп, экономикасын өнүктүрүүгө үзгүлтүксүз жардам берип келгени үчүн ыраазычылык билдирген.
Ошондой эле Си Цзиньпинди 2026-жылы Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келүүгө чакырган.