Садыр Жапаров Малайзияга расмий иш сапары менен барды

Садыр Жапаров Малайзияга расмий иш сапары менен барды

Президент Садыр Жапаровдун учагы  бүгүн, 24-июнда, расмий сапары менен Куала-Лумпур шаарына конду.

Шаардагы эл аралык аэропорттон мамлекет башчыны Малайзиянын эмгек министри Александр Нанта Лингги жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Флагштокторго Кыргызстандын жана Малайзиянын мамлекеттик туулары илинип, килем төшөлүп, ардак кароол ротасы тизилди.

Эске сала кетсек, жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Малайзиянын ортосундагы саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка өз ара кызыкчылык туудурган чөйрөлөрдө кызматташуунун актуалдуу маселелери жана мындан аркы өнүктүрүү келечеги талкууланат.

 

 

 

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>