Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-июлда, социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирүү жасап, мамлекеттик каражатты уурдоого жол берилбей турганын эскертти.
“Мамлекеттин акчасына кол салган бир дагы чиновник кеч болсо да жазасыз калбайт. Ошондуктан азыртадан оңолгула. Биздин убагыбызда мамлекеттин акчасын уурдоо деген болбош керек”, — деп жазды Жапаров.
Бул билдирүү акыркы күндөрү бир нече аткаминер коррупциялык иштер боюнча кармалган учурлардан кийин жарыяланды.