Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-июлда, Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапар менен келген Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен жолукту.
Жогорку даражалуу меймандын кортежи “Ынтымак Ордо” резиденциясына салтанаттуу түрдө — атчан эскорттун коштоосунда келди.
Эки өлкөнүн лидерлери делегация мүчөлөрүн бири-бири менен тааныштырышкандан кийин сүйлөшүүлөр залына кирип кетишти.
Сапардын алкагында кыргыз-монгол эки тараптуу кызматташтыктын ар кыл тармактардагы маселелери талкууланары күтүлүүдө.