Садыр Жапаров мурдагы спикер Нурланбек Тургунбек уулунун кызматтан кетиши боюнча комментарий берди

13.02.2026 | 10:49

Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулунун кызматтан кетиши боюнча комментарий берди. Президенттин басма сөз кызматы жарыялаган маекте, Садыр Жапаров анын кызматтан кетиши мөөнөтүнөн мурун президенттик шайлоону өткөрүү боюнча кайрылуу жасаган 75 кишиге байланыштуу болушу мүмкүн экенин айтты.

“Түздөн-түз тиешеси бар деп айткандан алысмын. Балким ошолордун же аларды уюштургандардын жетегине кирип кеткендир. Балким ошол катасын сезип, депутаттардын өз ара бөлүнө башташына жол бергенине өзүн айыптуу сезип ушундай жыйынтык чыгаргандыр”,- деп билдирди ал.

Кечээ, 12-февралда, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу өз эрки менен кызматын тапшырарын жарыялаган. Ал бул чечимди жеке өзү кабыл алганын, кызматтан кетүү кадамы өлкөдөгү саясий туруктуулукту сактоо максатын көздөгөнүн билдирди.

Эске салсак, буга чейин коомдук ишмерлер, саясатчылар жана мурдагы мамлекеттик кызматкерлер болуп 75 адамдан турган топ өлкө башчы Садыр Жапаров менен Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылуу жасашып, президенттик шайлоону тез арада өткөрүүнү сунушташкан. Алар мындай кадам “талаш-тартыштардын, кошумча түшүндүрмөлөрдүн, коомдук бөлүнүп-жарылуулардын алдын аларын” билдиришкен.

Ушундан кийин 75 адам ИИМ тарабынан суракка алынып, аларын ичинен үчөө кайрылуунун демилгечилери катары камакка алынган. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен кылмыш иши козголгон. ИИМдин маалыматында, аталган кайрылуудагы айрым билдирүүлөр өлкө ичинде коомдук саясий кырдаалды курчуткан.

Scroll to Top