Садыр Жапаров Орусияда учактын кыйрашына байланыштуу Путинге көңүл айтты

Садыр Жапаров Амур облусунда көп сандаган адамдардын өмүрүн алган жүргүнчү учагынын кыйрашына байланыштуу Владимир Путинге көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
«Амур облусундагы кайгылуу авиациялык кырсыктын кесепетинен көп сандаган адамдардын курман болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Менин чын жүрөктөн чыккан жана терең көңүл айтуумду кабыл алыңыз. Каза болгондордун жакындарына жана туугандарына алар үчүн бул орду толгус жоготууга көңүл айтуу жана колдоо сөздөрүмдү жеткирүүңүздү өтүнөм», – деп айтылат көңүл айтуу катында.
Эске салсак, Орусиянын Амур облусунда Ан-24 үлгүсүндөгү жүргүнчү ташыган учак кыйрап, 43 жүргүнчү (алардын бешөө жаш балдар) жана экипаждын 6 мүчөсү каза тапты.
Маалыматка ылайык, “Ангара” авикомпаниясынын учагы Хабаровск-Благовещенск-Тында багында учуп бара жаткан. Учак Амур облусуна жеткенде радардан жоголуп кетип, байланышка чыккан эмес. Анын күйүп жаткан калдыктары Тында шаарынан 15 км аралыктан табылган.