Садыр Жапаров расмий иш сапары менен Малайзияга барат

Садыр Жапаров расмий иш сапары менен Малайзияга барат

Садыр Жапаров 24-25-июнь күндөрү Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагимдин чакыруусу боюнча расмий сапар менен Куала-Лумпур шаарына барат. Бул тууралуу президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүм башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.

Маалыматка ылайык, бул сапарда Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана эки тарапты кызыктырган башка чөйрөлөрдө кызматташуунун актуалдуу маселелери жана мындан аркы өнүгүү келечеги талкууланат.

Расмий сапардын алкагында Садыр Жапаровдун Малайзиянын мыйзам чыгаруу бийлигинин жетекчилиги менен жолугушуусу, ошондой эле бизнес-коомчулук менен диалог өткөрүүсү да пландаштырылган.

«Бул сапар Кыргызстандын мамлекет башчысынын акыркы 30 жылдагы Малайзияга жасаган биринчи расмий иш сапары болуп саналат», — деп белгиледи Сагынбек Абдумуталип.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>