Садыр Жапаров Россиянын ТИМ министри менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Садыр Жапаров Россиянын ТИМ министри менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 29-июнда Чолпон-Ата шаарында Россия Федерациясынын Тышкы иштер министри Сергей Лавровду кабыл алып, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле интеграциялык бирикмелердин алкагындагы өз ара аракеттенүүнү талкуулашты.

Мамлекет башчысы Россия менен союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүктүн духунда ырааттуу бекемделүүчү кызматташтыкты өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу маанисин белгиледи.  Садыр Жапаров Россия Кыргызстандын эң маанилүү соода-экономикалык өнөктөшү бойдон кала берээрин жана Россиядан келген түз инвестиция оң динамика көрсөтүп жатканын белгиледи. Ошондой эле Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун инвестициялык кызматташуунун негизги инструменти катары ролуна өзгөчө көңүл бурулду.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>