Президенттин милдетин аткаруучу, премьер министр Садыр Жапаров парламенттик кайра шайлоону токтото туруу жөнүндө кабыл алынган мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлайт.
Мыйзам 2020-жылдын 22-октябрында Жогорку Кеңеш тарабынан 83 депутаттын макулдугу менен бир учурда үч окуудан кабыл алынган.
Аталган мыйзамды кабыл алуунун зарылчылыгы бир катар жагдайлар, ошондой эле өлкөдөгү түзүлгөн коомдук-саясий кырдаал менен шартталгандыгы айтылат.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү мөөнөтү конституциялык реформа өткөрүлгөндөн кийин мыйзамга ылайык, 2021-жылдын 1-июнунан кеч эмес дайындалат деп каралган.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана конституциялык реформа аяктаганга чейин колдонулат.