Садыр Жапаров Тажикстанга болгон мамлекеттик сапарын жыйынтыктады

Садыр Жапаров Тажикстанга болгон мамлекеттик сапарын жыйынтыктады

Президент Садыр Жапаровдун 8–9-июлда Тажикстанга болгон мамлекеттик сапары жыйынтыкталды.

Президенттин администрациясы кабарлагандай, сапардын алкагында ал Президент Эмомали Рахмон менен тар жана кеңири курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, соода, билим берүү, өнөр жай, туризм жана башка тармактарда бир катар документтерге кол коюлду. Ошондой эле тараптар “Карамык” жана “Бордөбө” өткөрмө пункттарын кайра ачуу аземине видео-байланыш аркылуу катышты.

Жапаров Душанбе шаарында өткөн кыргыз-тажик инвестициялык форумунда сөз сүйлөп, ишкерлер арасында келишимдер түзүлдү. Мындан тышкары, эки өлкөнүн улуттук өндүрүмдөрүнүн көргөзмөсүнө жана “Түбөлүк достук” аттуу маданий концертке катышты.

Сапардын экинчи күнүндө Садыр Жапаров Тажикстандын парламент жетекчилери жана премьер-министри менен да жолугушууларды өткөрдү. Сүйлөшүүлөрдө парламенттер аралык кызматташтыкты жана түзүлгөн келишимдерди ишке ашыруу жолдору талкууланды.

Президент Садыр Жапаров 9-июлда Бишкекке кайтты.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>