Садыр Жапаров кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаалдын турукташуусуна байланыштуу кайрылуу жасап, чектен чыкпоого, биринчи болуп ок атпоого бекем көрсөтмө бергенин билдирди.
Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
«Урматтуу кыргыз элим! Кадырлуу мекендештерим!
28-30-апрель күндөрү касиеттүү кыргыз эли үчүн тарыхый оор сыноонун да, кайгынын да күндөрү болду. Ыйык Ата-Журтубуздун аймактык бүтүндүгүнө жана коопсуздугуна коркунуч келип, тынч жаткан элибиздин бейпилдиги бузулду. Бирок Кыргыз өлкөсүнүн чек ара жана күч органдарынын күжүрмөн даярдыгы, моралдык жактан бийик маанайы жана каармандыгынын аркасында өлкөбүздүн аймактык бүтүндүгүн сактап кала алдык.
Тилекке каршы, чоң жоготууларга учурадык. Миңдеген жарандарыбыз жашаган жерлерин аргасыздан таштап кетүүгө мажбур болушту.
Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө, жакындарына көңүл айтам, аза кайгысын тең бөлүшөм. Элимдин уул-кыздарынын, айрыкча, 12 жашар кызымдын өлүмүнө кайгырып, ичимден кан өтүп турат!
Ошондой эле жүздөгөн жабыркаган жарандарыбыздын тез аранын ичинде сакайып кетишин тилейм!
Мамлекетибиздин ар бир чарчы метр жери үчүн жан аябай салгылашып, жанын берген каарман жоокерлерибиздин эрдигине башымды ийип, таазим этем. Жоокерлерибиз Манас атанын чыныгы урпактары, кыргыздын нагыз эр жүрөк баатырлары экендигин далилдеди!
Дарыгерлерибиздин, куткаруучуларыбыздын жана гуманитардык жардам көрсөтүп жаткан ыктыярчыларыбыздын ишин өзгөчө белгилейм. Алардын көк жалдыгы, эрдиги жана күйүмдүүлүгү кийинки муун үчүн өрнөк!
Кыргыз мамлекетинин чек ара жана күч органдарынын айбат көрсөтүп, өз өлкөсүн өжөрлүк менен коргогондугунун натыйжасында сүйлөшүүлөр башталып, бир гана дипломатиялык жолдун зарылдыгы аныкталды.
Мен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен эки ирет сүйлөштүм. Чатакты ырбатпоо үчүн чек араны тактоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиялар ортосундагы иштин натыйжасында тийиштүү протоколго кол коюлду. Ушул күндөрү курал-жарак талап кылып, Баткенге барууга ашыккан мекенчил жаштардын жигерин туура түшүнүүгө болот. Алар да патриоттуулукту көрсөтүштү. Бирок толук кандуу кагылышууну болтурбоо үчүн жана стабилдүүлүктү сактоо максатында жаштарга курал берүүгө мүмкүн эмес эле. Башкалардын катасын кайталаган жокпуз.
Ошону менен бирге чагымчылар сырткы күчтөрдөн дагы коркунучтуу экенин унутпашыбыз керек. Өзүбүздүн күч органдарыбыздын аракеттерине жолтоо болбоо үчүн тартипти сактоо маанилүү болчу.
Өз кезегинде биз өзүбүздүн куралдуу күчтөрүбүздү чектеш мамлекеттин айыл-кыштактарын басып алып жана тынч элге кол салып, үйлөрүн талкалоого эч качан жол бербейбиз.
Кыргыз өлкөсүнүн чегинен чыкпоого, биринчи болуп ок атпоого бекем көрсөтмө бердим. Себеби чатак ырбаса, эки тарап тең мындан чоң жоготууларга учурамак, жүз миңдеген үй-бүлөлөр кайгы-муңга бөлөнмөк. Ушуну элибиз туура түшүндү деп ойлойм. Кудай жалгап эки тарап кандуу согушту токтоттук. Кагылышуу дагы канча убакытка уланмак, бир Жараткан билет.
Куралдуу кагылышуунун уланып кетишине эки тарап тең жол бербеши керек! Анткени биз түбөлүк коңшуларбыз. Ата-бабаларыбыздан калган жерибизди таштап, башка жакка көчүп кете албайбыз. Биздин максатыбыз — элибиздин бейпилдиги, мамлекетибиздин аймактык бүтүндүгү.
Ушул тапта элди жайгаштыруу иши башталды. Ар бир үй-бүлөгө кайрылам, ээлеп келген жайларыңарга кайтыңыздар. Талкаланган, өрттөлгөн тамдарды калыбына келтирүү боюнча иш-чаралар жүргүзүлөт. Эл аралык коомчулук бизди колдоп, ар тараптуу жардам берүүгө даярдыгын айтууда, аларга ыраазычылык билдиребиз.
Мындан ары жаңжалды алдын алуу максатында коңшу же аралаш жашаган айылдарда эки тараптын сыйлуу аксакалдарынан, урматтуу адамдарынан турган тынчтыкты сактоо комиссиясын түзүүнү сунуш кылып жатам. Болгон окуяны териштирүүгө тапшырманы бердим.
Чагымчылардын жетегине жетеленип кетпейли. Согуш эч кимге жакшылык алып келбестигинин четин эле көрдүк. Мындан ары жергебизде тынчтык болсун!».