Садыр Жапаров Түрк мамлекеттер уюмунун аксакалдары менен жолугушту

Садыр Жапаров Түрк мамлекеттер уюмунун аксакалдары менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-августта, Түрк мамлекеттер уюмунун аксакалдары менен жолугушту (ТМУ Аксакалдар кеңеши). Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, мамлекет башчысы коноктор менен саламдашып жатып, аксакалдар коомдо жана мамлекетте ардактуу орунду ээлей турганын белгиледи. Алардын кадыр-баркы талашсыз жана тарыхтын жүрүшү алардын таасири менен аныкталарын белгиледи.

Садыр Жапаров ааламдашуу доорунда жана көптөгөн элдер өзүнүн түпкүлүгүн жоготуп алган мезгилде Түрк мамлекеттер уюмунун алдында Аксакалдар кеңешин түзүлгөнүн өзгөчө маанилүү экенин канааттануу менен баса белгиледи.

Анын пикирине караганда, аксакалдар кеңеши Уюмда эң ардактуу орунду ээлейт. Алардын даанышмандыгына кайрылып, кийинки муундар Биримдиктин туусун сыймыктануу менен алып жүрүүсү үчүн Уюм дүйнөдөгү эң күчтүү бирикмелердин бирине айланта алышат.

Президент белгилегендей, Аксакалдар кеңеши өзүнүн ишмердүүлүгүнүн жылдарында Мамлекет башчыларынын кеңеши таянган маанилүү кеңешүүчү органга айланды. ТМУ Аксакалдар кеңеши өзүнүн иш-чараларынын алкагында ТМУ ишин байыткан маанилүү чечимдерди демилгелеген. Мисалы, бул уюмдун символдору — желеги жана логотиби, Түрк дүйнөсүнүн сыйлыгы бекитилди, Түрк дүйнөсүнүн Университеттер союзу түзүлүп, түрк дүйнөсүнүн тарыхы боюнча жаш муундарды тарбиялай турган бирдиктүү окуу китеби даярдалууда.

Президент Садыр Жапаров баарлашуу учурунда эске салгандай, эки айдан кийин Түркияда Кыргызстан демилгелеген төртүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарын өткөрүү пландалууда. Азыр кыргыз тарап кыргыз маданиятын, турмушун, каада-салтын жана искусствосун жайылтууга басым жасоо менен бул Оюндарга спорт, маданият багытына да катышууга активдүү даярдык көрүүдө.

Өз кезегинде аксакалдар Мамлекет башчысына жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдиришип, Садыр Жапаровдун Уюмдун өнүгүшүнө кошкон зор салымын белгилешти. Алар Түрк мамлекеттер уюмунун Аксакалдар кеңешинин негизги ишмердүүлүгү менен таанышып, мындан аркы өз ара кызматташуу үчүн мамлекеттер ортосунда чоң потенциал бар экендигин баса белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыгында катышуучулар түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды активдештирүү зарылчылыгы тууралуу бир пикирге келишти.

Президент Садыр Жапаров жолугушууда Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы достукту жана кызматташтыкты чыңдоого кошкон зор салымы үчүн Түрк мамлекеттеринин Аксакалдар кеңешинин төрагасы Бинали Йылдырымды «Данакер» ордени менен сыйлады.

Мамлекет башчы менен жолугушууга аксакалдар Кыргызстандан (Медеткан Шеримкулов), Азербайжандан (Гасан Азиз оглы Гасанов), Казакстандан (Икрам Адырбеков), Түркиядан (Бинали Йылдырым), Өзбекстандан (Бахтиёр Сайфуллаев), Түркмөнстандан (Реджеп Базаров), ошондой эле Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы — Багдад Амреев катышты.

Маалымат: Аксакалдар кеңеши сунуш берүүчү орган болуп саналат жана Уюмга мүчө-өлкөлөрдүн кадыр-барктуу жарандарынын (мурдагы премьер-министрлер, министрлер, депутаттар, элчилер) арасынан дайындалган аксакалдарынан турат. Кеңеште Кыргызстандан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мурунку төрагасы Медеткан Шеримкулов көрсөтүлгөн.

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>