Садыр Жапаровду Орусияга коштоп кимдер кетти? Тизме

Садыр Жапаровду Орусияга коштоп кимдер кетти? Тизме

Президенттин басма сөз кызматы Садыр Жапаров бүгүн, 24-февралда иш сапары менен Орусияга учуп кеткенин кабарлады.

Анын жүрүшүндө орус президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эки өлкөнүн өз ара алакасын талкуулашат.

Ошондой эле орус өкмөтүнүн жетекчиси баштаган бир нече атка минерлер менен жолугушат.

Мындан тышкары, Орусиядагы мекендештер менен да жолугушуусу күтүлүүдө.

Президентти коштоп кеткен делегациянын курамы:

  • Тышкы иштер министри — Руслан Казакбаев;
  • Президенттин аппарат жетекчиси — Сүйүнбек Касмамбетов;
  • Биринчи вице-премьер-министр — Артем Новиков;
  • вице-премьер, экономика жана каржы министри — Улукбек Кармышаков;
  • Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы — Дастан Дүйшекеев;
  • КРдин Россиядагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси — Гүлнара-Клара Самат;
  • Коргоо министри — Таалайбек Өмүралиев;
  • Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри — Алымкадыр Бейшеналиев;
  • Өзгөчө кырдаалдар министри — Бообек Ажикеев;
  • Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри — Аскарбек Жаныбеков;
  • Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министри — Гүлмира Абдралиева;
  • Энергетика жана өнөр жай министри — Кубанычбек Турдубаев;
  • Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча мамлекеттик агенттигинин директору — Алмамбет Шыкмаматов;
  • Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы — Кабыл Абдалиев;
  • Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу — Бактыбек Кудайбергенов.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>