29-декабрда Бишкекте “Ала-Тоо” ресторанында “Мисс Кыргызстан-2020” сулуулар сынагы болуп өттү.
Бир нече кыз баш байге үчүн күрөшүп, бирок жыйынтыгында жеңиш Лазат Нуркожоевага тийди. Ошондой эле, мисс Кыргызстанга BMW X5 үлгүсүндөгү унаа тапшырылды.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Социалдык тармактарда сынактын жеңүүчүсү Лазат Нуркожоева Кыргызстандын президенттигине талапкер Садыр Жапаровдун жээни экендигин жазып чыгышты.