«Сахарово» борборунда 160 кыргызстандык кармалып турат — Акыйкатчынын өкүлү кабар алды

Кыргызстандын акыйкатчысынын орун басары Айчүрөк Назаралиева Россияга болгон иш сапарынын алкагында Москва облусундагы “Сахарово” миграциялык борборуна барды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, учурда аталган борбордо Кыргызстандын 160 жараны, анын ичинде 11 аял кармалып турат. Алардын көбү Россиянын миграциялык мыйзамдарын бузгандыгы үчүн, ал эми 11 киши оор эмес кылмыштарга шектелип кармалган.
Үч кыргызстандык аял пара берүүгө шектелип, 76 күндөн бери борбордо кармалып турушат.
Кармоодо турган кыргыз жарандары медициналык жардамга муктаж экенин билдиришкен, бирок кармоо шарттарына жана тамак-ашка даттанышкан эмес, деп маалымдады мекеме.
Маалымат иретинде: 2024-жылдын тогуз айында “Сахарово” миграциялык борбору аркылуу 3 928 кыргыз жараны, ал эми 2025-жылдын ошол эле мезгилинде 2 808 кыргыз жараны Кыргызстанга кайтарылган.