Саламаттык сактоо мин: Мамлекет коронавирустун алдын алууга 40 млн сом бөлөт

Саламаттык сактоо мин: Мамлекет коронавирустун алдын алууга 40 млн сом бөлөт

Бүгүн, 6-мартта Саламаттык сактоо министрлиги дүйнөнү каптап жаткан коронавирус тууралуу Кыргызстанда алдын алуу кандай иштерди жүргүзүп жатканы тууралуу маалымат жыйын өткөрдү.

Анда министрдин орун басары Толо Исаков мамлекеттик бюджеттен коронавирустун алдын алуу иштерине мамлекет тарабынан дагы 40 млн сом бөлүнө турганын билдирди.

«Буга чейин коронавирустун алдын алуу иштерине 30 млн сом бөлүнгөн. Бөлүнгөн каражатка илдетти аныктоочу телевизор, бет каптар жана башка медициналык каражаттар алынган. Мындан тышкары кошумча медицина кызматкерлерин тартуудабыз. Алар күнү-түнү иш алып барууда», — деди Исаков.

Исаков Кыргызстандын жогорку окуу жайларында, мектептерде коронавируска байланыштуу карантин жарыяланбай турганын да белгиледи.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>