Саламаттыкты сактоо министри Эркин Чечейбаев дарыгерлердин коопсуздугуна байланыштуу чукул билдирүү жасап, ИИМдин башчысы менен УКМКнын төрагасына расмий кайрылды. Ал Бишкектеги Улуттук госпиталда милиция кызматкери тарабынан дарыгер сабалган окуя боюнча күнөөлүүнү мыйзам чегинде жоопко тартууга чакырды.
“Эгерде биз медицина кызматкерлеринин коопсуздугун камсыздабасак, аларды жоготуп алабыз. Бул окуя — башка адамдар үчүн да жаман үлгү болуп калды. Кол салган адам сөзсүз жаза алышы керек”, — деди министр.
Министр ошондой эле бейтапты коштоп келген адамдардын дарыгерлер менен түз байланышын чектөө боюнча чара көрүлөрүн билдирип, төмөнкүдөй сунушун киргизди:
- Бейтапты коштогондор медициналык мекемелердин ички бөлүмүнө кирбей, сыртта жыйынтыкты күтүүгө тийиш.
- Медициналык кызматкерлерди коргоо максатында тиешелүү тартипти бекемдөө зарыл.
Бул кайрылуу дарыгерлерге карата зомбулук күч алып жаткан шартта коомдук кооптонууну жараткан учурлардан кийин болду. Ички иштер министрлиги жана УКМК бул иш боюнча азырынча расмий жооп бере элек.