Бүгүн, 31-январда Саламаттык сактоо министрлиги бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирустун таралышына байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыялагандан кийин кытай-кыргыз чек арасын жабуу сунушун беришти. Бул тууралуу аталган министрликтен маалымдашты.
Маалыматка ылайык, министрлик чек араны жабуу сунушун айткан. Кырдаалга жараша жөн гана өз сунушубузду киргиздик. Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдында өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу ыкчам штаб түзүлгөн. Алар иш жүргүзүүдө.