Саламаттык сактоо министрлиги жана ДСУ Кыргызстандын алыскы аймактарында санариптик медицинаны кеңейтүүнү макулдашты
2026-жылдын 2-апрелинде Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов менен Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ) Кыргызстандагы өкүлү Ливиу Ведрасконун жумушчу жолугушуусу өттү. Тараптар улуттук саламаттык сактоо тутумун өнүктүрүү жана анын техникалык базасын чыңдоо боюнча негизги кадамдарды талкуулашты.
Жолугушуунун борбордук маселелеринин бири тармакты санариптик трансформациялоо болду. Атап айтканда, санариптик ажырымды жоюу боюнча БУУнун биргелешкен программасын улантуу тууралуу сөз болду. Бул долбоор төмөнкүлөргө багытталган:
- медицинада заманбап санариптик экотутумду түзүү;
- башкаруу тутумунун ачык-айкындуулугун жана натыйжалуулугун жогорулатуу;
- өлкөнүн айылдык жана алыскы райондорунун тургундары үчүн сапаттуу медициналык кызматтарга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү.
Катышуучулар «ДСУ менен КРнын 2024–2030-жылдарга карата өлкөлүк кызматташтык стратегиясынын» маанилүүлүгүн белгилешти. Бул документ эл аралык колдоону улуттук артыкчылыктар менен шайкеш келтирүү куралы катары кызмат кылат. Ишке ашырылып жаткан долбоорлор Кыргызстанды 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасынын максаттары менен түздөн-түз байланыштуу.
Диалогдун жүрүшүндө төмөнкүдөй артыкчылыктуу багыттар дагы белгиленди:
- кадрдык дараметти өнүктүрүү жана адистерди окутуу;
- лабораториялык кызматтарды чыңдоо;
- антимикробдук туруктуулукка (резистенттүүлүккө) каршы күрөшүү;
- өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү тутумун өркүндөтүү.
Министр Дамир Осмонов ДСУга ата мекендик медицинаны өнүктүрүүгө кошкон ырааттуу салымы үчүн ыраазычылык билдирип, уюмдун эксперттик колдоосунун маанилүүлүгүн белгиледи. Өз кезегинде Ливиу Ведраско ДСУ тыгыз өнөктөштүктү улантууга даяр экенин ырастады.