Садыр Жапаров министрге диагностикалык борбордогу көйгөйлөрдү жоюуга эки күн берди

Садыр Жапаров министрге диагностикалык борбордогу көйгөйлөрдү жоюуга эки күн берди

Садыр Жапаров саламаттыкты сактоо министри Эркин Чечейбаевге Республикалык диагностикалык борбордогу көйгөйлөрдү жоюуга эки күн убакыт берди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Бүгүн, 8-майда, мамлекет башчысы Республикалык диагностикалык борборуна пландан тышкары барды. Ал аталган борборго учурда чет элдик адистердин катышуусунда балдар кардиохирургиясы боюнча гуманитардык программа жүргүзүлүп жаткан мекемедеги абалдын олуттуу начар экендиги тууралуу маалыматтардан улам барган.

«Мамлекет башчысына жүрөктүн оор патологиясынан жабыркаган 24 бала операцияны күтүп жатканы маалымдалды. Операция башталгандан бери акыркы күндөрү балдар өлүмүнүн үч кайгылуу учуру катталган. Чакырылган адистер борбордо квалификациялуу медициналык жардам көрсөтүү үчүн зарыл шарттар жок экендигин билдиришти.

Диагностика так маалыматтарды бербеген бир эскирген УЗИ аппаратында жүргүзүлөт. Толук кандуу стерилизациялык бөлмө жок. Жабдуу каражаттары башка медициналык мекемеге унаа менен жеткирилип, бейтаптарды инфекция жугузуу коркунучуна дуушар кылууда. Кээ бир балдар операцияга мурдатан эле өрчүгөн инфекция менен келип жатышат»,- деп айтылат маалыматта.

Садыр Жапаров бул абалга нааразычылыгын билдирип, Эркин Чечейбаевди шалаакылыгы жана жоопкерчиликсиздиги үчүн кескин сынга алган.

«Министр биринчи кезекте медициналык мекемеде зарыл шарттарды түзүп бериши керек. Ар бир маселе чечилгенге чейин күнү-түнү ушул жерде болууга тийиш. Бул үчүн туура эки күн убакыт берем», — деген ал.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>