Жарандар 1-сентябрга чейин турак үй жана үй жанындагы жер участокторуна салык төлөшү керек. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын 1-сентябрына чейин төмөнкү салыктарды төлөө керек:
- турак үйлөргө, батирлерге салык (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган),
- үй жанындагы, короо-жай жанындагы жана бак-чарба жер участокторуна салык.
«Салыкты өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом өлчөмүндө айып каралган»,- деп билдирди салык кызматы.