Алтынбек Абдувапов Каржы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Абдувапов Салык кызматында 2011-жылдан бери иштейт. Акыркы дайындоого чейин мекеменин төрагасынын орун басары кызматын аркалаган. Ар кайсы жылдары Салык кызматынын салыктык текшерүүлөр бөлүмүнүн башчысы, экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинин бөлүм башчысы, экономикалык өнүгүү министринин кеңешчиси болуп иштеген.