Санкт-Петербургда КМШ өлкөлөрүнүн ички иштер министрлер кеңешинин жыйыны өтүүдө

13.08.2025 | 13:52

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин Ички иштер министрлеринин кеңешинин 51-отуруму өтүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлиги билдирди.

Жыйындын негизги темасы – кылмыштуулукка, киберкооптуу коркунучтарга жана мыйзамсыз миграцияга каршы биргелешип күрөшүү болуп саналат.

Отурумга Кыргызстандын ички иштер министри Улан Ниязбеков катышууда. Ал жыйында сүйлөгөн сөзүндө ишенимди бекемдөө жана биргелешкен аракеттерди координациялоо, ошондой эле өлкөлөр ортосундагы маалымат алмашууну өнүктүрүү заманбап чакырыктардын шартында өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи. Министрдин айтымында, аракеттерди бириктирүү менен гана трансулуттук кылмыштуулукка жана жаңы коркунучтарга, анын ичинде маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндөгү кылмыштарга натыйжалуу каршы турууга болот.

Отурумга Армениянын, Беларусиянын, Казакстандын, Орусиянын, Тажикстандын, Түркмөнстандын, Өзбекстандын Ички иштер министрликтеринин делагациясы, КМШнын Аткаруу комитетинин, КМШга катышуучу-мамлекеттердин Антитеррордук борборунун, Уюшкан кылмыштуулук жана кылмыштуулуктун башка түрлөрү менен күрөшүүнү координациялоо боюнча бюросунун өкүлдөрү катышууда.

Теги: ИИМ, КМШ
Scroll to Top