Санкт-Петербургда Садыр Жапаров менен Владимир Путиндин жолугушуусу өттү

21.12.2025 | 20:15

Бүгүн, 21-декабрда, Санкт-Петербург шаарында өлкө башчы Садыр Жапаров Орусиянын президент Владимир Путин менен жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Өлкө башчылар эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык, финансылык, маданий-гуманитардык жана миграциялык чөйрөлөрдөгү кызматташтык маселелерин талкуулашты.

Садыр Жапаров жолугушуу Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынан бир ай өтпөй болуп жатканын, бул жогорку деңгээлдеги кыргыз-орус диалогунун туруктуу мүнөзүн билдирерин айтты. Ал мындай жолугушуулар стратегиялык кызматташтык маселелерин эки мамлекеттин кызыкчылыгы алдында талкуулоого жакшы шарт түзөрүн билдирди.

Өз кезегинде Владимир Путин Кыргызстанга болгон сапары мазмундуу жана жылуу маанайда болгонун айтып, Жапаровго ыраазчылыгын айтты. Ошондой эле алдыдагы Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынында ЕАЭБ алкагында соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү боюнча талкуу мазмундуу болот деген ишенимин билдирди.

Жолугушуунун соңунда өлкө башчылар бири-бирин Жаңы жылы менен куттуктап, эки өлкөнүн элине туруктуулук жана мындан аркы гүлдөп-өнүгүү каалашты.

Кечээ, 20-декабрда, Садыр Жапаров Орусиянын Санкт-Петербург шаарына жумушчу сапар менен барды. Ал Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынына жана КМШ мамлекеттеринин башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышат.

Scroll to Top