Сапар Исаков №1 тергөө абагына которулду

Сапар Исаков №1 тергөө абагына которулду

Жылуулук электр борборун жаңылоодогу коррупция боюнча кармалып, 15 жылга эркинен ажыратылган мурдагы премьер-министр Сапар Исаков №8 түзөтүү абагынан №1 тергөө абагына которулду.

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан “Репортерго” билдиргендей, экс-премьерди которуу үчүн Бишкекттин  Биринчи май райондук соту чечим чыгарган.

23-мартта Бишкек шаардык соту райондук соттун чечимин күчүндө калтырып, Исаковду козголгон кылмыш ишке байланыштуу күнөөлү деп таап, 15 жылга эркинен ажыраткан.

23-апрелде ал №1 тергөө абагынан Петровка айылындагы №8 колонияга которулган болчу.

Сапар Исаков 2018-жылдын июнь айында кармалган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>