Чүй облусунун Жайыл районундагы Сары-Булак айылында каналга 2017-жылы туулган кыз түшүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Окуя ушул жылдын 26-август күнү катталган.
3-сентябрь күнү издөө иштерин улантуу максатында ӨКМнен жалпы 30 куткаруучу тартылган.
Бүгүн, 4-сентябрь күнү даиздөө иштери улантылат.