Ноокен районундагы Достук айыл аймагында тазалоо иш-чаралары толугу менен аяктады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Бүгүн тазалоо иш-чараларына жалпы 11 куткаруучу жана айыл аймактан 1 жүктөгүч тартылып, тазалоо иш-чаралары толугу менен аяктаган.
Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Достук айыл аймагында 5-май күнү саат 18:30 чамасында кыска мөөнөттө жаап өткөн жамгырдын кесепетинен сел жүргөн. Анда Кызыл-Туу айылында сугат каналынан суу ашып жашылча эгилген айдоо аянттарды, 12 үйдүн короосун каптаган жана 53 койду агызып кеткен.
[su_image_carousel source=»media: 27904,27903,27905,27906″ crop=»none» autoplay=»4″]