Сентябрга чейин 50дөй кыска мөөнөттүү бала бакчалар пайдаланууга берилет

Сентябрга чейин 50дөй кыска мөөнөттүү бала бакчалар пайдаланууга берилет

Ушул жылдын сентябрь айына чейин кыска мөөнөттүү 560 бала бакчанын 51и пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган бала бакчада балдар 3 саат болушат, аларды өнүктүрүүгө мамлекеттик стандарттын негизинде жетиштүү убакыт бөлүнөт. Болгону уйку жана тамак берүү каралган эмес. Мындай бала бакчалар экономикалык жактан үнөмдүү жана 3 сааттык болгондугуна байланыштуу эки нөөмөт менен эки эсе көп баланы камтый алат.

«Пландалган 560 бакчанын 509унда оңдоп-түзөө иштери бүткөрүлүп, иштеп жатат. Учурда калган 51 объектте реконструкция иштери жүрүп, жумуштар дээрлик 90% бүткөрүлдү»,- деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, бала бакчалар Агартуу министрлиги ишке ашырып жаткан «Келечек үчүн билим берүү» жана «Окутуунун негиздерин бекемдөө» долбоорлорунун алкагында уюштурулууда. Долбоордо кыска мөөнөттүү 500 бала бакча жана 60 өнүктүрүү борборун түзүү каралган. Алар аркылуу 20 миңден 40 миңге чейинки (3-5 жаштагы) бала мектепке чейинки билим алууга тартылат. Бул бакчаларда билим алуу акысыз.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>