Россия Федерациясынын Тышкы иштер министри Сергей Лавров Кыргызстанга жасаган иш сапарынын алкагында Ысык-Көлдүн кооздугуна жана Кыргызстан менен мамиленин жогорку деңгээлине өзгөчө басым жасады.
Министр Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевге чакыруусу үчүн ыраазычылык билдирип, төмөнкүлөрдү белгиледи:
“Табият ушунчалык көркөм. Ысык-Көл чындап эле Кыргызстандын гана эмес, жалпы Евразиянын бермети.”
Ошондой эле Лавров Россия менен Кыргызстандын ортосундагы мамиле өз ара сый-урматка жана стратегиялык өнөктөштүккө негизделгенин баса белгиледи:
“Биз ар дайым бири-бирибиздин кызыкчылыгыбызды эске алып иш жүргүзөбүз. Байланышты бекемдөө элдерибиздин ортосундагы ишенимди шарттайт,” — деди ал.
Бул сапар ЖККУнун Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынына байланыштуу иш-чаралардын алкагында өтүп жатат.