Кыргыз-Орус Славян университетине жаңы ректор шайланды

Кыргыз-Орус Славян университетине жаңы ректор шайланды

Бүгүн, 27-июнда Кыргыз-Орус Славян университетинде (КРСУ) Башкаруучу кеңештин жыйыны өтүп, анын жыйынтыгында Сергей Волков университеттин ректору болуп беш жылдык мөөнөткө шайланды. Бул тууралуу аталган окуу жай кабарлады.

Маалыматка ылайык, Волковдун талапкерлигин Кыргызстан менен Орусиянын өкүлдөрүнөн турган кеңештин 12 мүчөсүнүн 11и бир добуштан колдошкон.

«Сергей Волков буга чейин КРСУнун ректорунун милдетин аткарып келген жана өзүн заманбап чакырыктарга жооп бере алган, туруктуу өнүгүү стратегиясын түзө алган жетекчи катары көрсөтө алган. Ал сунуштаган 2040-жылга чейинки университетти өнүктүрүү стратегиясы Башкаруучу кеңеш тарабынан жактырылды»,- деп айтылат маалыматта.

35 жаштага Сергей Волков Орусиядагы Магнитогорск мамлекеттик техникалык университетинин (МГТУ) «кара жана түстүү металлдарды куюу өндүрүшү» адистигин, ошондой эле жана «куйма өндүрүшү» багыты боюнча аспирантурасын аяктаган. Ал —  техникалык илимдердин кандидаты, 25 илимий эмгектин автору.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>